Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Теги кыргызстандык дагы бир аскер Украинада каза болгону кабарланды


Украинадагы согушта жарактан чыккан орус танкы.
Украинадагы согушта жарактан чыккан орус танкы.

Кыргызстанда туулуп-өскөн дагы бир жигит Орусия армиясынын катарында Украинада каза болгону айтылууда. 18-апрелде “Азаттык” Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев менен байланышканда ал Кара-Дыйкан айылында маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышканын билдирди:

“Келе элек, качан келери бүгүн билинет дешти. Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен. Ата-энеси бул жакта турат. Украинада каза болуптур деп жатышат”.

Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.

24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин согуш башталгандан бери айтып келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG