Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

"Кара июлда" алынып, колдонулбай турган ИВЛ аппараттары боюнча маалымат берилди


Коронавирустан улам жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган бейтаптар. Архивдик сүрөт.
Коронавирустан улам жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган бейтаптар. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 2020-жылы "Дастан" заводуна Орусиядан алып келинип, колдонулбай сакталып турган өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат (ИВЛ) боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын укту.

Жыйында баяндама жасаган саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев пандемия учурунда көптөгөн медициналык мекемелерде дарылоочу каражаттардын жетишсиздиги орун алганын билдирди. Ал "Дастан" заводунун кампасындагы аппараттардын баасы жогору болгондуктан, министрлик сатып алуудан баш тартканын айтты.

“Бирок “Дастан” заводунун кампасындагы аппараттардын баасы жогору болгондугу белгиленип, Саламаттык сактоо министрлиги ошол учурда аларды сатып алуудан баш тарткан. Кийин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине өткөрүлүп, азыркы тапта ошол жерде убактылуу сакталып турат”, - деди Рахматтулаев.

Депутат Улугбек Ормонов тендердин негизинде алынган аппарат менен “Дастан” сунуштаган аппараттын наркы жарыяланышы керек белгилди.

“Дастан” заводу аталган аппараттарды ортомчулар аркылуу алган. Ал эми аппараттардын чыгарылган жердеги өздүк баасы башкача болушу мүмкүн. Эми аларды алып, колдонууга киргизүүнүн зарылчылыгы барбы? Саламаттык сактоо министрлиги убактылуу сактоодон мурун, аппараттарды алганга акысы жок болчу”, - деди эл өкүлү.

Муну менен катар депутат өндүрүшчү фирма менен “Дастан” заводунун ортосунда түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөнүнө токтолуп, бул жаатта тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүш керектигин кошумчалады.

Маселени толук иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

2020-жылы Орусиядан келген өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат (ИВЛ) колдонулбай, Бишкектеги "Дастан" заводунун кампасында турганы быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин жыйынында ачыкка чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аппараттардын акчасы төлөнүп берилбегендиктен, эки жылдан бери кампада туруп калганын, өкмөт аны төлөп, бир-эки жуманын ичинде Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп бергени жатканын айткан.

Байсалов 2020-жылы пандемия башталганда жасалма дем алдыруучу аппараттар (ИВЛ) тартыш болуп, баасы бир канча эсе кымбаттаганын, андыктан анын баасынын кымбаттыгын эмес, эмне себептен аппараттар 2020-жылы колдонулбай кампада турганын иликтөө керектигин билдирген.

Парламентте 400 аппараттын 300ү стационардык, 100ү жылдырылма аппараттар экени айтылган.

2020-жылдын июлда коронавирус күчөп, Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кетти. "Каралуу июлдагы" өлүм санынын көп болушу кийин каза болгондордун жакындарында бир топ суроону жаратып, тармактар аралык изилдөө комиссиясы түзүлгөн. Жыйынтыгында бир нече мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланган.

Министрликтин башында турган жооптуу адамдар коронавирус жаңы оору болгондуктан, тийиштүү иш-чаралар убагында аткарылбай калганын моюнга алышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG