Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Президенттин администрациясынын жаңы имаратын TS Group компаниясы курат


Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Президенттин администрациясынын жаңы имаратын атамекендик TS-Group компаниясы кура турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 гектар жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык экспертиза жүргүзүлүүдө.

"Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт. 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин бийлик 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген. Президенттин администрациясы жайгаша турган имаратты кайсы инвесторлор салып, жер аларга кандай шартта, кайсы аймактан берилгенин айткан эмес.

Ушундан кийин бир катар жарандык активисттер инвестордун атын жана кандай шартта куруп берип жатканын жарыялоону талап кылышкан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушу боюнча айтылган сындарга жооп берген. Ал Фейсбуктагы баракчасына “курулушка мамлекеттин акчасы кеткен жок” деп жазган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте президенттин администрациясы үчүн жаңы имараттын салынышын колдой турганын билдирип, бирок ага чыгымдалган акча, инвестор сыяктуу маселелер ачык болушу керек экенин айткан. Эл өкүлү Бишкекте 16 гектер жер абдан кымбат жана “мамлекеттен бир тыйын кеткен жок” деген сөзүн туура эмес деп эсептей турганын кошумчалаган.

Садыр Жапаров президенттин иш башкармалыгына тиешелүү экени айтылган 16 гектар жер Бишкектин кайсы аймагында экенин, администрациянын имаратын салып бере турган инвесторлор тууралуу тактаган жок. Ушундан улам коомчулукта жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу суроолор көбөйдү.

TS-Group - Кыргызстанда негизинен көп кабаттуу турак үйлөрдү, бизнес борборлорду курган компания. 2016-жылы кайра каттоодон өткөн. Бул компания курган айрым турак жайларга сындар да айтылып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG