Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Амангелдиев: Казак тарап милдеттенмесин аткарбай жатат


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Кыргызстан кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу жүздөгөн машиненин тыгыны пайда болушуна негизинен Казакстан себепкер деп эсептейт. Бул тууралуу 18-апрелде “Азаттык” радиосуна экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Амангелдиев бүгүнкү күндө кыргыз-казак жумуш тобу өткөрмө бекеттеги абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кошумчалады:

“Биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Бул Казакстан тараптан болуп жатат. Бир тараптуу. Өзүнүн милдеттенмелерин аткарбай жатат. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн, премьер-министрибиз февраль айында барып жүргүзгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагындагы жетишкендиктерди бир тараптуу аткарбай жатышат”.

Амангелдиев кыргызстандык ишкерлер чек арадан өтүү эрежелерин аткарбаган учурлар да бар экенин кошумчалап, ЕАЭК бекеттеги жагдайды тоскоолдук деп тааныганын белгиледи.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилекте" 18-апрелде эртең мененки саат 10го карата 300дөй оор жүк ташуучу машине топтолуп турганын бекеттин жетекчилиги билдирди.

Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG