Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Темирлан Сманбеков Ысык-Көл драма театрына жетекчи болду


Темирлан Сманбеокв
Темирлан Сманбеокв

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков жетекчи болуп дайындалды.

Маалыматты аталган театрдан билдиришти.

Сманбеков мурда Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп иштеген. Клавдий (“Гамлет”), Антоний (“Антоний менен Клеопатра”), Мусулманкул (“Курманжан датка”) сыяктуу образдарды жараткан.

2021-жылы “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG