Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Британия: Мариуполдогу каршылык Орусиянын башка чабуулдарын жайлатты


Мариуполдун көчөлөрүндө жаткан адам сөөктөрү, 17-апрель 2022-жыл.
Мариуполдун көчөлөрүндө жаткан адам сөөктөрү, 17-апрель 2022-жыл.

Британиянын Коргоо министрлиги Мариупол үчүн кармаш орусиялык күчтөрдүн Украинанын башка аймактарындагы чабуулдарын жайлатып койгонун билдирди. Министрликтин 18-апрелдеги маалыматына ылайык, орусиялык командирлерди Мариуполду багындырууга сарпталган убакыт тынчсыздандырууда.

"Украиналыктардын биргелешкен каршылыгы орус күчтөрүн катуу сынады жана аскерлер менен материалдардын ошол жакка кетишин шарттады. Муну менен Орусиянын башка жердеги аракети жайлады", - деп айтылат маалыматта.

Британ тарап Орусиянын Мариуполду каратып алуу аракети жергиликтүү тургундар арасындагы чоң жоготууга себеп болуп жатканын, шаардын инфраструктурасынын көп бөлүгү иштен чыкканын белгиледи.

Мындан тышкары Британиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу калктуу конуштар бутага алынган учурлар Орусиянын 1999-жылы Чеченстандагы, 2016-жылы Сириядагы операцияларына окшош экенин билдирди. Москва Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Мариупол шаарын орусиялык күчтөр март айынын башынан бери курчап турушат. Орус армиясынын чабуулдарына карабастан шаардын борбордук бөлүктөрүн дагы деле украин күчтөрү көзөмөлдөп келет.

17-апрелде Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль орус армиясы Мариуполду алганын четке кагып, шаар үчүн кармаш "аягына чейин жүрөрүн" билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG