Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Түркия Ирактын түндүгүндө жаңы операциясын баштады


Түркия менен Ирактын чек арасындагы түрк күчтөрү, 31-октябрь,  2017-жыл (иллюстрация).
Түркия менен Ирактын чек арасындагы түрк күчтөрү, 31-октябрь,  2017-жыл (иллюстрация).

18-апрелге караган түнү Түркиянын күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Күрд жумушчу партиясынын (КЖП) куралдуу топторуна каршы жаңы операциясын баштады. Бул тууралуу Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Түркиянын аскердик учактары жана артиллериясы күрт күчтөрүнө таандык деген позицияларга сокку урган. Аны улай жөө түрк аскерлери чек аралаш аймактарга өтүп кирген.

Акардын айтымында, Түркиянын аба күчтөрү күрт кошуундарынын баш калкалоочу жайларына, үңкүрлөрүнө, курал-жарак кампаларына "ийгиликтүү" сокку урган.

Министр операцияга канча аскер жана учак катышып жатканын так айткан жок. Ал операция Ирактын, Метина, Зап жана Авашин-Басъян деген аймактарда жүргүзүлө турганын белгиледи.

Ирактын түндүгүндө базалары бар күрд кошуундары азырынча маалымат бере элек. Алар бул аймактардан Түркияга чабуул койгон учурлар болгон. Буга чейин Түркия чек аралаш аймактарда КЖП күчтөрүн бутага алган бир нече операциясын өткөргөн.

1984-жылы КЖП Түркиянын күрддөр басымдуулук кылган түштүк-чыгыш аймагында козголоңчул аракетерин баштагандан бери он миңдеген адам каза тапты. Түркия, АКШ жана Европадагы бир катар өлкөлөр Күрд жумушчулар партиясын террордук уюм деп тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG