Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Автоунаанын айнегин караңгылатуу акысы 80-120 миң сом деп сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Машинанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга бир жылдык уруксат алуу үчүн 80-120 миң сом акы төлөө сунушталууда. Экономика жана коммерция министрлигинин тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Айнекти караңгылатууга уруксат жеңил машиналарга гана берилмей болуп жатат. Бирок такси айдагандарга мындай уруксат жок.

Уруксаты жоктор кармалса, 20-40 миң сом айыппул төлөөгө милдеттүү. Ал эми арткы айнектерди караңгылатууга уруксат буга чейин эле бар болчу.

Алдыңкы айнектер боюнча сунушту өкмөт киргизген жана буга чейинки тыюу салган эреже иштебей келгенин, каалоочулар жең ичинен акча төлөп коюп, ансыз деле караңгылатып жүргөнүн айткан жана жемкорлуктун бул түрүн жоюу максаты коюлуп жатканын белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG