Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Президент Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга барат


Баку шаары.
Баку шаары.

Президент Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюнун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалууда.

Мындан тышкары азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт.

Бир катар документтерге, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.

Азербайжанда Кыргызстандын элчилиги 2014-жылы ачылган. Ал эми Кыргызстанда Азербайжан элчилиги 2007-жылдан бери иштейт. Учурда бул өлкөдө Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев.

Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алака тууралуу так маалымат жок. 2010-жылдары Баку-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болгону кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG