Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

УКМК кызматкеринен күбөлүгүн сөзсүз көрсөтүүнү талап кылуучу норма колдоо тапкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерин кайсы бир маселе боюнча жарандарды кармап же кайрыла турган болсо кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттендирген норма бүгүн 18-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында талкуу жаратты.

Депутат Дастан Бекешев күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттендирүүчү норма 2011-жылдан бери иштеп келе жатканын, эми УКМК аны жоюуну сунуш кылганын билдирди:

“Мен оюмдан чыгарган жокмун. Азыр иштеп жаткан мыйзамда ушундай норма бар. Булар аны алып салганы жатышат. “Жаран талап кылганда УКМК кызматкери күбөлүгүн көрсөтүшү керек, көргөзбөсө ага баш ийбей койсо болот” дегени калыш керек деп эсептейм. Азыр силер аны жалпылап “улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери күбөлүгүн жанында алып жүрүшү керек” деп эле жазып коюпсуңар”.

Депутат Бекешевге атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков жооп берди:

“Бир да кызматкер жөн эле барып “мен УКМК кызматкеримин” дебейт. Анын баары мыйзамда так жазылган”.

Бекешевдин күбөлүктү сөзсүз көрсөтүү тууралуу сунушу добушка коюлуп, натыйжада көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло алган жок.

Комитеттин бүгүнкү отурумунда улуттук коопсуздук органдарынын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоору талкууланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG