Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

УКМК кыргыз-тажик чек арасында аткезчилер кармалганын маалымдады


Чек аралаш аймак. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок
Чек аралаш аймак. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок

Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында химиялык жер семирткич жана жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалганын УКМКнын Чек ара кызматы 18-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, аткезчилик менен кармалгандар Кыргызстандын жарандары. Мыйзамсыз жүк жалпысынан 500 миң сомго бааланып, андан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатканын 24-мартта атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген.

Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айткан.

Статистикага ылайык, Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономика ички дүң өнүмдүн 37% барабар экени айтылып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG