Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ишкерлерди текшерген органдардын тизмесин көбөйтүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 18-апрелде өкмөттүн "ишкердик субъектилерине текшерүү жүргүзүү укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жаңыртуу" демилгесин карады.

Министрлер кабинети ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын жаңы тизмесин сунуштоодо. Ага 15 мекеме кирген, мурда 11 болчу.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекованын белгилешинче, өкмөттүн структурасы өзгөргөндөн кийин айрым мекемелердин укугу жоголуп кеткен.

"Кыскартуунун концепциясында текшерүү органдарды эмес, текшерүү процедураларын кыскартып, ошол жакты иреттегиле деп айтылып жатат. Кыскартуу багытында иштер жүрүп жатат. Бирок текшерүүгө чыкчу органдардын тизмесин бекитиш керек болууда".

Долбоорго ылайык, бизнес чарбаларды сегиз мекеме текшере алат. Алар:

  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Экономика жана коммерция министрлиги);
  • Монополияга каршы кызматы (Экономика жана коммерция министрлиги);
  • Баалуу металлдар департаменти (Финансы министрлиги)
  • Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти (Энергетика министрлиги);
  • Энергетикалык көзөмөл кызматы (Энергетика министрлиги);
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (Саламаттык сактоо министрлиги);
  • Дары-дармек жана медициналык техника департаменти (Саламаттык сактоо министрлиги)
  • Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы (Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги);
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматы (Айыл чарба министрлиги);
  • Жер жана суу көзөмөлдөө кызматы (Айыл чарба министрлиги);
  • Өрткө каршы көзөмөл кызматы (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги);
  • Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы (Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги);
  • Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы (Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги);
  • Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Санариптик өнүктүрүү министрлиги) ;
  • Транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө департаменти (Транспорт жана коммуникациялар министрлиги).

Өткөн жылы ошол кездеги Экономика жана финансы министрлиги ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын жаңы тизмегин сунуштап, алардын санын сегизге кыскарткан.

Депутаттар өкмөттүн түзүмү өзгөргөндөн кийин текшерүү иштери солгундаганын айтып, текшерүү органдардын тизмесин көбөйтүп, ишкерлерди жүдөткөн абалды жаратуу туура эмес деп эсептешет.

Ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын тизмеси акыркы 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун токтому менен бекитилген. Анда жалпы 11 мекеме бар эле. 2017-жылы анын катарынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасынын пайдалануу мамлекеттик комитети жана Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы алынган. Бирок бир орган кайра кошулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG