Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Мадумаров жашыруун тыңшоого кабылып жатканын билдирди


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров тыңшоого кабылып жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады. Бүгүн 18-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында УКМКнын ишине байланыштуу мыйзам долбоорлору талкууланып жатканда ал мыйзамсыз тыңшоо үчүн жаза чарасы каралышы керектигин айтты:

“Мен дайыма бир жерден барып ооз ачам. Ошол жерден дагы силердин аппаратыңар чыкты. Бул уят. Аппаратты мага чөнтөгүмө эле салып бергиле. Ушундай нерселерге катуу чара көрүлүшү керек. Мен эртең маалымат жыйын өткөрүп баарын көрсөтүп берейин дедим эле. Бул экинчи жолу силердин аппаратыңардын кармалышы”.

Мадумаровго атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков жооп берди:

“Биз сиз менен, деги эле башка адамдар менен мындай шугулданбайбыз. Бизге сиз боюнча ыкчам маалымат кызык эмес. Аны бизден эмес, ресторандын ээсинен, коопсуздук кызматынан сураңыз. Бизге арыз жазыңыз, тактайбыз”.

Мамасадыков атайын кызмат тыңшоону соттун уруксаты менен гана жүргүзөрүн, мыйзамсыз тышоо үчүн жаза чаралары Жазык кодексинде каралганын билдирди.

Комитеттин бүгүнкү отурумунда улуттук коопсуздук органдарынын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоору талкууланууда.

2020-жылдагы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы былтыр сентябрда ачыкка чыккан. Ички иштер министрлиги муну моюнга алганы менен тыңшоолордун корутундусу жашыруун болорун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG