Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Мигрант ата-энелердин электрондук базасын түзүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ата-энеси миграцияга кеткен балдар зомбулукка кабылып жатканы тууралуу маселе бүгүн 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Аида Исатбек кызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгү ата-энеси сыртта жүргөндөр экенин белгилеп, “Балдар жөнүндө” кодекстеги камкорчу дайындоо тууралуу норма иштебей жатканын айтты.

Депутат маселени чечүү жолу катары узак мөөнөткө чет жакка кетип жаткан ата-энелерди атайын электрондук базага киргизип, көзөмөл жүргүзүүнү сунуш кылды:

“Чет жакка кетип жаткан ата-энелер камкорчу дайындоо тууралуу ишеним кат жазбай жатышат. Муну менен алардын балдары кооптуу абалга кептелүүдө. Ошондуктан мен Министрлер кабинетине чет жакка кетип жаткан ата-энелердин электрондук базасын түзүүнү сунуш кылам. Эгер ата-эне бир айдан ашуун убакыт бою жок болсо, демек, анын баласы камкорчусуз калганынын белгиси”.

Мигранттардын миңдеген балдары эч кандай тууганчылыгы жок адамдардын колунда жашап жатканын, социалдык кызматкерлер жетишсиз болгондуктан алардын көбүнө көңүл бурулбай, зомбулукка кабылып каларын буга чейин социалдык тармакты тейлеген министрлик билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG