Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Тажикстанда Хорогдогу окуялар талкууланды


Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочулары жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу акцияга чыгышкан. 25-ноябрь, 2021-жыл.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочулары жергиликтүү тургундун өлүмүнө байланыштуу акцияга чыгышкан. 25-ноябрь, 2021-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун активисттери жана Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү 19-апрелде онлайн режиминде Хорогдогу окуяларды талкуулашты.

Былтыр ноябрда болгон окуялардан кийин түзүлгөн «Комиссия 44» кыймылынын өкүлү Хужамри Пирназаровдун айтымында, жыйынга ондогон журналисттер катышкан. Бирок аларга суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок.

Кыймылдын мүчөлөрү Башкы прокуратуранын өкүлдөрү ошол кезде өлтүрүлгөн үч адамдын өлүмү тууралуу үн катпаганын айтып, тынчсыздануусун билдиришти.

Бир нече күн мурда Бадахшандагы жарандык коомдун өкүлдөрү Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоп, үч кишинин өлүмү боюнча иликтөө иши солгун жүрүп жатканын жазышкан.

Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын 25-ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу Хорогдун жашоочулары төрт күн каршылык акциясына чыгышкан.

Алар бийлик Зиебековдун өлүмүн иликтөөнү, митингге чыккандарды куугунтуктабай турганын жана интернетти ачууну убада кылгандан кийин гана тарашкан. Азыр териштирүү иши жетиштүү түрдө жүрбөй жатат деп нааразы болуп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG