Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Камактагы блогер Жолболдуева боюнча тергөө Баткенден Ошко которулду

Батмакан Жолболдуева.
Батмакан Жолболдуева.

Камактагы блогер Батмакан Жолболдуеванын ишин Ош облустук милициясы тергемей болду. Бул тууралуу 21-апрелде “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди.

Анын айтымында, Жолболдуеванын иши 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко которулган.

Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасы бүгүн Ош шаардык сотунда каралат.

49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерүү учурундагы видеолорун жарыялап турган.

Ал журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган. Мындан сырткары ага карата дагы үч кылмыш иши козголгон. (AAb)

​
XS
SM
MD
LG