Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны суюлду


Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 21-апрель саат 12:00гө карата 67 жүк ташуучу машина турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Бир күн мурун 180дей унаа турганы айтылган.

"Чалдыбар" өткөрмө бекетинде 53, "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинде 60 оор жүк ташуучу машина турат. Жүк ташуучу унаалардын топтолуусу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары - соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин кыйла азайды", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы учурда казак тарап чек арадан саатына 3-4 унааны өткөрүп келсе, учурда 8-9дан өтүп жатат. 1-20-апрель күндөрү "Ак-Тилек" өткөрмө бекети аркылуу төрт миң оор жүк ташуучу унаа өткөн.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир аптадан ашык убакыттан бери чечиле элек.

Буга чейин "Ак-Тилек" өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү "Кең-Булуң" бекетине жөнөтүлгөнү кабарланган.

Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов мындай мамиле улана берсе, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

2010-жылы Бажы биримдиги катары Беларус, Казакстан, Орусия түзгөн ЕАЭБ уюмуна Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG