Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Өзбекстанда селден төрт адамдын өмүрү кыйылды


Өзбекстан. 2022-жылдын 20-апрели.
Өзбекстан. 2022-жылдын 20-апрели.

Өзбекстанда селден төрт адамдын өмүрү кыйылганын “Азаттыктын” өзбек кызматы 21-апрелде жазды. Маалыматка караганда, кырсык Жызак облусунун Фариш районунда болгон.

Мерт болгондордун үчөө аял, бирөө эркек киши экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Нөшөр жааган жаандан кийинки ташкын эгин талааларын, айрым үйлөрдү жана социалдык объекттерди каптаган. Учурда куткаруучулар кырсыктын кесепетин жоюу иштерин аткарууда.

20-апрелде Самарканд, Кашкадарыя жана Навои облустарында да сел жүргүн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG