Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Казакстан: Январь окуясын иликтөөгө эл аралык адистерди тартуу талабы коюлду


Казакстан. Архивдик сүрөт.
Казакстан. Архивдик сүрөт.

Казакстандагы Январь окуяларында кармалган, жараат алган жана каза болгон адамдар тууралуу маалыматтарды чогултуу менен алектенген Qantar фондунун адвокаттары өлкөнүн тергөө органдары иштерди кароону создуктуруп жатканын 21-апрелде айтып чыкты.

Алардын айтымында, кыйноо, жараат жана өлүм фактыларын тергөө иши создугуп жатканы тууралуу кайрылуу президент Касым-Жомарт Токаевге жөнөтүлүп, иликтөөгө эл аралык адистерди да катыштыруу талабы коюлду.

Суюлтулган газ кескин кымбаттап кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Жүздөгөн адам каза болуп, миңдеген адам кармалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG