Жогорку Кеңеш Бишкектеги Ботаникалык бак боюнча токтом кабыл алууну белгисиз мөөнөткө калтырды. Ботаникалык бакты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү токтом долбоору парламенттин 21-апрелдеги отурумунда каралып, жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган жок.
Ботаникалык бак боюнча соңку расмий маалымат 20-апрелде өкмөттүн сайтына чыккан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ботаникалык бакка барып, бак кейиштүү абалда экенин, ал шаар тургундарынын жана конокторунун табияттан ыракат ала турган жерине айланарын, менежерлик идеялар керек экенин, мэрияга өткөрүү ыктымалдыгы каралып жатканын, кандай болгон күндө да анын илимий макамы толук сакталып каларын жана ишмердүүлүгү өзгөртүлбөй турганын айтканы маалымдалган.
Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы экенин, мекеме Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту деп аталарын директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” 20-апрелде билдирген. Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.
1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.(RK)