Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Бишкекте улгайган адамдарга арналган көргөзмө ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте “Заманбап коомдогу улгайган адамдардын ролу” аттуу кайрымдуулук көргөзмөсү өтүүдө. 23-апрелде ачылган көргөзмөгө жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган "Бабушка Эдопшн" фондунан билдиришти.

Программада сүрөтчү Мария Титованын жаш артисттерге билим берүү боюнча мастер-классы, концерт жана искусство сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи камтылган.

Иш-чаранын максаты - жигердүү узак жашоо идеясын жайылтуу жана улгайган адамдардын ролунун маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү. Ошондой эле кайрымдуулук аркылуу жардамга муктаж жалгыз бой улгайган кишилерге көмөк көрсөтүүнү да көздөйт.

Көргөзмөнүн алкагында жаш сүрөтчүлөргө чеберчилик саааттары уюштурулат. Андан тышкары карыялардын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору талкууланат.

Кыргызстанда аялдар 58, эркектер 63 жаштан жогорку курактан кийин улгайган жарандардын катарына кирет. Дал ушул жаштан кийин алар пенсияга чыгат. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, өлкөдө 714,6 миң пенсионер бар. Мындан сырткары 1600 киши мамлекеттин жөлөк пулун алат.(KE)

XS
SM
MD
LG