Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Польшада көмүр шахтасындагы кырсыктан кийин 10 шахтер жоголду


Иллюстрация. Сүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.
Иллюстрация. Сүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.

Польшанын түштүгүндөгү Зофювка шахтасында катуу жер титирөөдөн кийин байланыш үзүлгөн 10 шахтерду куткаруучулар издеп жатышат. Бул тууралуу кенге ээлик кылган JSW Group компаниясынын басма сөз кызматы 23-апрелде билдирди.

Окуя саат жергиликтүү убакыт менен 03:40та 900 метр тереңдикте болгон.

"Кырсык болгон жерде 52 жумушчу бар эле, алардын 42си өздөрү сыртка чыгышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Шаршемби күнү да эртең менен Польшанын түштүк-батышындагы Пневек көмүр кенинде метан жарылып, ондогон шахтер урандылардын астында калган. Куткаруу операциясы башталгандан кийин экинчи жарылуу болуп, беш адам, анын ичинде бир куткаруучу каза тапкан. 20га жакын шахтер катуу күйүк алып ооруканага жаткырылган. Шахтада калган жети кенчинин тагдыры белгисиз. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG