Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Орусия "Москва" крейсеринде бир адам каза болгонун билдирди


"Москва" крейсери.
"Москва" крейсери.

Орусиянын Коргоо министрлиги "Москва" ракеталык крейсеринде өрт чыгып, бир адам каза болгонун, 27 киши дайынсыз жоголгонун билдирди. Калган 396 экипаж мүчөсү аймактагы Кара деңиз флотунун кемелерине эвакуацияланганын "Интерфакс" аталган мекемеге таянып жазды.

Орусия аннексиялап алган Севастполдун губернатору Михаил Развозжаев крейсерде генерал Иван Вахрушев өлгөнүн айтты. Бул ысымды беш күн мурун "Азаттыктан" украин кызматынын журналисттери да аныкташкан болчу.

Коргоо министрлиги каза болгондордун жакындарына жана дайынсыз жоголгондорго жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Буга чейин орус тарап кемеден бардык экипаж эвакуацияланганын кабарлаган. Кийинчерээк крейсерде кызмат өтөгөн матростордун туугандары каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор тууралуу айтып чыгышкан.

13-апрелде Украина "Москвага" ракеталык чабуул жасалганын жана крейсерде өрт чыкканын жарыялаган. Бул болжолдуу түрдө Одессадан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара деңизде болгон.

Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган "Москва"крейсери 14-апрелде чөгүп кеткенин расмий маалымдаган. Орус тарап кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркап, чөгүп кеткенин билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG