Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:47

Росавиация 11 аэропортко киргизилген тыюу салууну онунчу жолу узартты


Федералдык аба транспорт агенттиги (Росавиация) Орусиянын түштүгүндөгү 11 аэропортко учууга тыюу салуу чечимин 1-майга чейин узартты. Бул тууралуу 23-апрелде "Интерфакс" кабарлады. Аэропорттордун ишин чектөө ушуну менен онунчу жолу узартылууда.

Кеп Анапа, Белгород, Брянск, Воронеж, Геленджик, Краснодар, Курск, Липецк, Ростов-на-Дону, Симферополь жана Элиста аэропортторуна каттамдарды чектөө жөнүндө болуп жатат.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген күнү өлкө түштүгүндөгү аба мейкиндигин жарандык авиацияга жаап койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG