Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Bloomberg: АКШ жана ЕБ Орусиядан мунай импортун чектөөнү сүйлөшүүдө


АКШ жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Еврошаркетке Орусиядан мунай импортун чектөө жана Москванын чийки зат сатуудан алган кирешесин азайтуу жаатында мүмкүн болгон чараларды талкуулап жатат. Бул тууралуу Bloomberg анонимдүү булактарга таянуу менен билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн максаты - Орусиянын президенти Владимир Путинге карата "эң күчтүү соккуну" аныктоо экени кабарланды. Евробиримдик эмки аптада шаркетке мүчө мамлекеттердин талкуусуна сунуштарды киргизиши ыктымал.

Биримдиктин мунай импортуна тыюу салышы чийки заттын кескин кымбатташына алып келет жана Кремлге көбүрөөк киреше келтириши мүмкүн. Буга АКШ тынчсыздануусун билдирген.

Bloomberg маектештеринин биринин айтымында, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр дизелдик отунга жана башка продукцияларга эмбарго салууга караганда мунай импортун чектөө боюнча консенсуска жетиши оңой болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG