Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Украин бийлиги Мариуполдо коридор ачылганын төгүндөдү


"Азовсталь” заводунун аймагы Орусиянын аскерлеринин аткылоосунан кийин.
"Азовсталь” заводунун аймагы Орусиянын аскерлеринин аткылоосунан кийин.

Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында 25-апрелде гуманитардык коридор уюштуруу боюнча орус тарап менен украин тараптын ортосунда келишим болгон жок. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук маалымдады.

“Орусия тарап “Азовсталь” заводунан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн коридор ачылганын бүгүн дагы бир жолу жарыялады. Гуманитардык коридор эки тараптын макулдашуусу менен уюшуларын түшүнүп алыш керек. Бир тараптуу жарыяланган коридор коопсуздукту камсыз кылбайт жана ошол себептүү аны гуманитардык коридор деп атоого болбойт”,-деди ал.

Ирина Верещук алар БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылып, “Азовсталь” заводунан жарандарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор уюштурууга демилгечи жана кепил болушун өтүнүшкөнүн билдирди. Гутерриш жакын арада Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугары кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында камоолдо жаткан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн 25-апрелде, саат 14:00дөн баштап гуманитардык коридор ачканын жарыялаган. Анда орус аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотуп турары белгиленген.

Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен камоолдо калды. Орусиянын аскерлери заводго улам-улам чабуул жасап жатат.

Украинанын расмий бийлиги заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Ал аракеттерден жыйынтык чыкпай келген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-апрелде коргоо министри Сергей Шойгуга Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду токтотуп, орус аскерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн аны курчоону тапшырган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги мындан кийин заводдогу украин аскерлерин аткылоо токтогонун билдиргени менен чабуул уланып жатты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG