Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Орусия 40 немис дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялады


Германиянын Москвадагы элчилиги.
Германиянын Москвадагы элчилиги.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Германиянын орус дипломаттарын чыгарганына жооп чара катары 40 немис дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат аталган министрликтин сайтына чыкты.

Маалыматта Германиянын Орусиядагы элчиси Геза Андреас фон Гейр министрликке чакырылып, Берлиндин орус дипломаттарын чыгаруу тууралуу чечими “достукка жатпаган” кадам экени айтылган.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Кремл коңшу Украинада баштаган согушка байланыштуу орусиялык 40 дипломат өлкөдөн чыгарылганын 4-апрелде жарыялаган.

Москва Украинага кол салгандан бери Европадагы мамлекеттер Орусиянын элчиликтериндеги 300дөй кызматкерди өз аймактарынан чыгарышкан. Ага жооп чара катары Кремл дагы Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн дипломаттарын кетирди.

Орусиянын Украинага карата кеңири масштабдагы аскердик кол салуусу 24-февралда башталган. Орус аскерлери аскердик объектилерден сырткары жарандык инфратүзүмдөргө, мунай базаларына, күйүүчү май сатуучу жайларга, чиркөөлөргө, мектептерге жана ооруканаларга сокку уруп жатат. Турак жайлар артиллерия жана баллистикалык ракеталар менен аткыланууда.

Орусия Украинанын аймагын басып алуу максаты жоктугун айтып, өз аракетин “атайын операция” деп атап жатат. Киев муну баскынчылык деп атоодо. (ErN)

XS
SM
MD
LG