Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Ишкерлер ККМ аппаратын киргизүү мөөнөтүн узартууну суранды


Көзөмөл кассалык машина
Көзөмөл кассалык машина

Фискалдык маалымат операторлорунун ассоциациясынын (ФФД) төрагасы Юрий Почтарев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ишкерлерин атынан көзөмөл кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн мөөнөтүн узартууну суранды.

"Программалык ККМ колдонуп жүргөндөр жаңы талаптарга бат көнүп кетишет. Аларга ашып кетсе 1,5-2 ай керек болот. Ал эми аппараттык ККМ колдоно тургандар үчүн тоскоолдуктар бар. Себеби аны үйрөнүп, жаңы салык кодексине ылайык ишти жүргүзүп кетүүгө убакыт керек",-деди Юрий Почтарев.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 8-апрелде Министрлер кабинетинин токтому чыкканын айтып, мөөнөтүн жылдыруу маселесин талкуулоого негиз жок деди.

Комитеттин жыйынында ушул жылдын 8-апрелинде чыккан "Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому каралды. ККМ аппаратын колдонууга киргизүү боюнча бул токтом 1-майдан тарта күчүнө кирет.

Салык кызматынын маалыматына караганда, жыл башынан бери 17 миң 68 ишкер көзөмөл кассалык машинаны колдонууга өттү. Аталган мекеме өлкө боюнча 45 миңге жакын көзөмөл кассалык машина колдонулуп жатканын, анын ичинен 22 миңден ашууну аппараттык жана жарымы программалык ККМ экенин март айынын этегинде билдирген.

Азыркы учурда эки түрдөгү, аппараттык жана программалык ККМ колдонулат. Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат. Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот. Смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы акцияга чыккан.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG