Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Депутат: жаңы келген өрт өчүрүүчү машинелер ишке берилбей турат


Кыргызстанга жаңы алынып келинген өрт өчүрүүчү унаалар.
Кыргызстанга жаңы алынып келинген өрт өчүрүүчү унаалар.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Дүйнөлүк банк алып берген 58 өрт өчүрүүчү автоунаа иштетилбей турганын айтып чыкты. 25-апрелде парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов долбоор боюнча техникаларды каттоо кечеңдеп жатканын билдирди.

“Бул долбоор менен келген. Аларды каттоо иш-аракеттери жүрүп жатат. Дүйнөлүк банктан документ иштери кармалып жатат”, - деди Шамырканов.

23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келингени белгилүү болгон. Атайын техниканы алууга Дүйнөлүк банк көмөктөшүп, ал “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашкан.

2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG