Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Депутат Мадумаров тажрыйбасыз адистер элчи болуп жатат деп сындады


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров соңку учурларда Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчилик кызматтарына тажрыйбасы жок адисттер дайындалып жатат деп эсептейт. Депутат Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди карап жаткан жыйында, талапкерден бул көрүнүштү токтотууга чакырды.

“Өлкө башчылары кайсы өлкөдө, ким элчи экенин деле жакшы билбейт. Ушундай алешемдиктер болуп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан баланча, баланча жерге элчи болуп кетти дегенде башымды кармап калам. Үйлөнө элек жигиттерди улуу державаларга элчи кылып жөнөтүп жатат, эч кандай саясий же мамлекеттик тажрыйбасы жок жигит-кыздарды алысыраак туруп турсун деп жөнөтүп жатат”, - деди Мадумаров.

Аталган комитет жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги жактырылды.

Буга чейин Украинадагы элчи кызматына Идрис Кадыркуловдун сунушталганы парламентте жана коомдо сынга кабылган. Депутаттар Кадыркуловдун УКМКны жетектеп тургандагы аракеттерин сынга алган. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында анын талапкерлиги колдоо тапкан эмес.

Ага карабай, президент Садыр Жапаров 25-январда Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG