Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Алмазбек Атамбаев кардиология борборунан текшерүүдөн өтөт


Алмазбек Атамбаев сот залында. 2022-жылдын 19-апрели.
Алмазбек Атамбаев сот залында. 2022-жылдын 19-апрели.

Бир нече оор беренелерге айыпталып, абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өтмөй болду. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев маалымдады. Анын айтымында, мурдагы президентти медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн сот канааттандырды.

Бүгүн, 25-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы жапырт башаламандык боюнча сот жүрүүдө. Атамбаевдин өзү сотко алып келинген жок. Ал бүгүн суралбайт деп айтылды. Ал буга чейинки сот отурумдарына ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, чыр чыгарган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү иштери боюнча да айыпталып жатат.

Мурдагы президент бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

“Кой-Таш иши” боюнча буга чейинки бир нече отурумда Атамбаев тосмону тепкилеп, тоскоолдук жараткандыктан сот залынан чыгарылган. (AiB/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG