Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

"Бир дүйнө Кыргызстан" Аскаровдун иши боюнча президентке кайрылды


Азимжан Аскаровдун сотунан тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Азимжан Аскаровдун сотунан тартылган сүрөт. 2017-жыл.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүн акыйкат иликтөө жана анын ишин кайра тергөө өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирип, бийлик Аскаров боюнча бардык иштерди кайра карап чыгып, өлкөнүн эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттемелерин аткарышы керек экенин айтты.

Буга чейин ал Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын териштирген иликтөө уланып жатканын, ал иш укук коргоочулардын көзөмөлүндө экенин, май айында Кыргызстанга келе турган Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча баяндамачысына да маалымат берилерин билдирген.

2010-жылдагы июнь окуялары үчүн айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүрүнүн аягына чейин камалып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Быйыл 27-июлда Бишкек шаардык соту Аскаровдун өлүмү боюнча ишти кайра кароого жөнөткөн.

Анын өлүмүнө байланыштуу укук коргоочу уюмдар кыргыз бийлигин сындап келишет. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденген деген жүйө келтирген. Укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече ирет кайрылуу таратып, бейкүнөө абакта отурганын айткан.

2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Аскаров боюнча пикирин айта элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG