Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Приднестровьенин Коопсуздук министрлигинин имаратында жарылуу болду


Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.
Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.

Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин Тирасполдогу имаратында бир нече жарылуу катталды. Бул тууралуу түзүмдүн Ички иштер министрлиги Телеграм-каналында кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, имарат танкка каршы гранатомет менен аткыланган. Терезелери талкаланды. Интернетте тараган сүрөттөрдө андан түтүн чыгып жатканы көрүнүп турат. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Түзүм Украина менен чектешип турат жана Тираспол шаарын өз борбору деп эсептейт.

Эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн.

Приднестровьедеги 200 миңдей жаран Орусиянын жарандыгын алганы буга чейин ырасталган. 2014-жылы Приднестровьенин Жогорку Совети Орусияга кошулуу тууралуу чечим кабыл алган.

22-апрелде Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украинага жасалган аскердик операциянын экинчи фазасынын алкагында украин жергесинин түштүк аймагын толук алуу аракети көрүлөрүн, бул Приднестровьеге жол ачуу максатын көздөй турганын жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.(ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG