Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Президент Матраимовдун камактан чыкканы боюнча түшүндүрмө берди


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Президент Садыр Жапаровдун “Кабар” маалымат агентигине берген маегинде бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө суроого жооп берген. Анда президент Матраимов байлыгы жөнүндө коңшу мамлекеттер жана Дубайга өтүнүч жөнөтүп, “2017-жылы сатып жиберген” деген маалымат алганын билдирди.

“Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз”, - деп жооп берди президент.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан.

Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов күнөөлүү деп табылып 260 миң сом айыпка жыгылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG