Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Базаркулов: "Мегаком” күч органдарына маалымат бербейт


"Мегаком" компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси.
"Мегаком" компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси.

"Мегаком" деген соода бренди катары таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов уюлдук оператордун кардарларынын жеке маалыматтары укук коргоо органдарына берилбейт деп билдирди. Бул тууралуу Базаркулов “BULAK NEWS” деп аталган Ютуб каналга маек куруп жатып айтты.

“Биз эч кимге бербейбиз. Укук коргоо органдарына дагы маалымат берилбейт. Абонеттин өзүнүн макулдугу жана мыйзам чегинде гана маалымат берилет”, - деди Базаркулов.

Аталган уюлдук оператордун кардары болгон жарандык коомдун өкүлдөрү социалдык тармактагы жеке баракчаларын бузуп кирүүгө аракет болуп жатканын айтып келишет.

"Мегаком" компаниясы 100% мамлекеттик ишкана. Азат Базаркулов компанияны өткөн жылдын март айынан бери башкарып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG