Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстандын бейтапканаларында COVID-19 менен ооруп жаткандар жок


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Республикалык штаб 26-апрелдин таңына карата бир күндөгү коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады. Анда соңку сутка ичинде жети бейтап COVID-19дан, анын ичинде пневмониядан айыгып кетти.

Сутка ичинде жаңы учурлар катталган жок. 14 бейтап амбулатордук дарыланууда, ооруканада бир да бейтап жок.

Өлкөдө ооругандарын жалпы саны 200 990 адам болду, 2991 бейтап көз жумду.

Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, толук эмделгендер 1,3 миллионго чукулдады. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.(KS)

XS
SM
MD
LG