Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Алматынын тургуну беш кишинин өлүмүнө айыпталып, өмүр бою абакка кесилди


Дюжновду колдоо акциясы. Алматы. Сентябрь, 2021-жыл
Дюжновду колдоо акциясы. Алматы. Сентябрь, 2021-жыл

Жети жыл мурда Донбасста орусиячыл жикчилердин катарында украин аскерлерине каршы күрөшүп келген Алматынын тургуну өмүр аягына чейин эркинен ажыратылды.

Игор Дюжнов аттуу жаран чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга мыйзамсыз катышкан, күч түзүмдөрүнүн кызматкерине кол көтөргөн жана Алматыда беш кишини өлтүргөн деген айыптарга күнөөлүү деп табылды.

Ал былтыр сентябрда аны күчтөп турак жайдан чыгаруу маалында полициянын эки кызматкерин, сот приставын, мүлктүн жаңы кожоюнунун жана өз досун атып салган.

54 жаштагы Дюжнов күнөөсүз экенин, “менчик жерге мыйзамсыз кирип келген адамдарды жок кылганын”, Донбасста 2014-2015-жылдары “тынчтык орнотуу үчүн” согушканын билдирди. Анын соту 18-мартта башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG