Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

Нидерланд орус жарандарына туристтик виза берүүнү токтотту


Нидерланд
Нидерланд

Нидерланддын Орусиядагы консулдугу 27-апрелден тарта кыска мөөнөттүү, анын ичинде туристтик виза берүүнү токтоторун билдирди.

Мындай чечимге дипломатиялык кызматкерлердин санынын кыскарышы себеп болгон.

19-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 15 голландиялык дипломат өлкөдөн чыгарылганын жарыялаган. Бул 2022-жылдын март айынын соңунда Нидерланддын Орусиянын дипломатиялык миссиясынын 17 кызматкерин персона нон-грата деп жарыялаганына жооп болду.

Нидерланддын консулдугу белгилегендей, эми орусиялыктар өз өлкөсүнүн аймагында гана гуманитардык визаларды жана убактылуу жашоого уруксат гана ала алат.

Орусияда Шенген туристтик визасын Италиянын, Франциянын же Венгриянын консулдугунан алса болот.

Эстония, Латвия, Литва жана Чехия Украинада согуш башталгандан кийин кыска мөөнөттүү виза берүүгө тыюу салган. 2022-жылдын 24-февралынан бери Европадан жалпысынан 400дөн ашык дипломат чыгарылды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинанын аймагына басып кирген. Эки айдан ашуун аткылоодон улам эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 5 миллиондой адам украин жергесинен чыгып кетти.

Согуш башталгандан бери дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Орусияга санкция салып, айрым жарандарына бул өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салган.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG