Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Орусиянын "Газпром" компаниясы Польша менен Болгарияга газды бууду


“Газпром нефть” белгиси
“Газпром нефть” белгиси

"Газпром" 27-апрелде Польша менен Болгарияга газ берүүнү токтотту. Бул тууралуу аталган өлкөлөрдүн Энергетика министрликтери билдирди.

Компаниянын чечимине эки өлкөнүн газдын акысын рубль менен төлөөдөн баш тартканы себеп болгон.

Буга чейин Польшанын Onet порталы өкмөттөгү жана PGNiG энергетикалык компаниясындагы булактарга таянып, Польшага газ жеткирүүдөгү көйгөйлөр тууралуу жазган. Маалыматта алгач көгүлтүр оттун басымы азайганы, андан кийин толугу менен токтогону айтылат.

Буга чейин "Газпром" Польша жана Болгария газдын акысын 26-апрелде жаңы схема менен төлөшү керектигин эскерткен.

Польша өкмөтүнүн стратегиялык энергетикалык инфраструктура боюнча өкүлү Петр Наимский 26-апрелде Варшаванын газдын акысын рубль менен төлөбөй турганын билдирген.

Onet Польша өкмөтү кырдаалга байланыштуу атайын кризистик топту чогултканын кабарлады.

Болгариянын Экономика министрлиги Орусиянын газды бербей туруп, келишимге карама-каршы келген төлөм жүргүзүүнү талап кылганына макул эместигин билдирди.

Орусиянын Украинага согуш ачканына байланыштуу Батыш Москвага болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизген. Мындан улам марттын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин "кас мамлекеттерге" газды рубль менен гана сатуу буйругуна кол койгон. Батыш мамлекеттери ал үчүн "Газпромбанкта" эсеп ачууга тийиш эле.

Кремлдин мындай чечиминен кийин Балтика боюндагы мамлекеттер Латвия, Литва жана Эстония Орусиядан газ сатып алуудан баш тарткан.

Орусия Европанын 40% газ менен камсыздайт. Алардын ичинен Германия орустардын көгүлтүр отуна көбүрөөк көз каранды. Ал газдын 50% Москвадан алат.(KS)

XS
SM
MD
LG