Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Пакистандагы теракт үчүн козголоңчулар жоопкерчилик алды


Карачи университетиндеги жарылуу. Пакистан. 26-апрель, 2022-жыл
Карачи университетиндеги жарылуу. Пакистан. 26-апрель, 2022-жыл

Пакистандын Карачи шаарындагы университете 26-апрелде болгон жардыруу үчүн "Белужистан боштондук армиясы" деп аталган жикчил топ жоопкерчилик алды.

Университеттин видеокамерасы тартып калгандай, терактты жанкечти аял жасаган. Окутуучулар түшкөн автоунаа Кытай тили жана маданияты борборуна жеткен учурда кире бериште турган аял өзүн жардырып жиберген. Карачинин полициясынын башчысы Гулам Наби Мемон жанкечти аял окуу жайда билим алган студент болгонун маалымдады.

Теракттан улам окуу жайда иштеген үч кытай жараны жана алардын жергиликтүү айдоочусу каза болду. Дагы эки киши жаракат алды.

Кытайдын Пакистандагы элчилиги терактта үч кытай жараны каза болгонун ырастап, бул ишке баргандарды айыптады. АКШнын Карачидеги консулдугу да чабуул жасагандарды сынга алып, бул аракет орозо айынын тынчтыкка чакырган ниеттерине каршы келерин билдирди. Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф да терактка баргандарды сынга алып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Балучистан провинциясында жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келет. Аймакта жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. 2004-жылы мындагы кагылыштар миңдеген адамдардын өмүрүн алган. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG