Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Жабык жайларда кургак учук азайганы айтылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар арасында кургак учукка чалдыккандар азайды.

Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары Атыркүл Токтонова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы жабык жайларда кургак учуктан каза болгондор катталган жок.

Абалдын жакшырышына эл аралык уюмдардын көмөгү менен жабык жайларда кургак учукту эрте аныктоо, өз учурунда дарылоо себеп болууда.

Борбордун эсебинде, кургак учук 2021-жылы 5 миңге чукул адамдан аныкталган. 2022-жылы төрт айда Кыргызстанда 34 кишиден табылды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө бул оору жаңы аныкталган бейтаптардын дээрлик 60% ашыгын эркектер, 40% чукулун аялдар түзөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG