Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Жайлоолорду алтыганадан арылтуу үчүн жабдуулар алынып келди


Суусамыр жайлоосундагы дагы алтыгана каптап кеткен жерлер көп.
Суусамыр жайлоосундагы дагы алтыгана каптап кеткен жерлер көп.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт департаментинин башчысы Жаныбек Керималиев 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Алтыгананы биологиялык, химиялык жана механикалык жол менен жоготуу боюнча иштерди жүргүзгөнбүз. Бирок Илимдер академиясынын экологдору химиялык жол менен жок кылганга болбосун айтып каршы чыгышты. Биз Талас жана Чүй облусунун жайыт комитеттери менен бирге алтыгананы чапкан жабдуу сатып алдык. 28-майда семинар өткөрүп, түшүндүргөндөн кийин ошондой жабдууларды дагы көп алганга аракет кылабыз",-деди Керималиев.

Ал бул жабдуулар кайсы өлкөдөн сатылып алынганын тактаган жок.

Соңку жылдары тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү, жыш өскөн бадал – алтыгана каптай баштаган. Жылдан жылга мындай бадал адырлардан өтүп, айдоо талааларды каптап, айылдарга чейин кирип келген учурлар катталган. Мындан улам мал оттой турган жерлер кемип- тарыган.

Кыргызстандын жалпы аянты 20 миллион гектарды түзөт жана анын теңине жакынын, тактап айтканда тогуз миллионун жайыттар менен жайлоолор ээлейт.

XS
SM
MD
LG