Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндөгү тескеме чыгарды. Ага ылайык, президенттин фондунан 10 миллион сом бөлүндү жана 100 миң сомдон каражат ардагерлерге, майып болгондорго, фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына берилет.

Ошондой эле блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштегендер жана «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйлангандар, “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар алат.

"Мындан тышкары, 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 000 сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүндө жана төрт эселенген бир жолку акчалай жөлөкпулдарды алышат" деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-февралына карата өлкөдө 107 ардагердин көзү тирүү.

Быйыл Кыргызстанда Жеңиш күнүндө аскердик парад өтпөйт.

XS
SM
MD
LG