Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш


Столтенберг жана Метсола. Брюссель, 28-апрель 2022-жыл
Столтенберг жана Метсола. Брюссель, 28-апрель 2022-жыл

Финляндия жана Швеция НАТОго кошулууну чечсе, аларды тез кабыл алса болот. Бул тууралуу бейшембиде аскердик блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсола менен биргелешкен пресс-конференцияда билдирди.

"Финляндия жана Швеция НАТОго жакын, биз биргелешип иш алып барабыз, кызматташабыз, чогу машыгуу жүргүзөбүз. Аларды альянска чакыруу чечимин кабыл алсак, Финляндия менен Швециянын коопсуздугу биз үчүн маанилүү деген саясий ишарат кылган болобуз”.

Скандинавиялык эки өлкө тиешелүү арызды тапшырса, 30 мүчө-мамлекет макулдугун берип, ратификациялоого тийиш болот.

Финляндия менен чектешкен аймагы 1 миң 300 чакырымды түзгөн Орусия Хелсинки жана Стокгольм НАТОго кошула турган болсо, Калининград анклавына өзөктүк курал жана заманбап ракеталарын жайгаштырарын эскерткен.

Столтенберг "Москва муну менен ар бир улуттун өз келечегин өз алдынча аныктоо укугун урматтабаганын көргөзүүдө" деп комментарийледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG