Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

БУУнун баш катчысы Киев облусун кыдырып чыкты


Гутерриш Ирпень шаарын кыдырып чыкты. Украина, 28-апрель 2022-жыл
Гутерриш Ирпень шаарын кыдырып чыкты. Украина, 28-апрель 2022-жыл

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Москванын Украинага каршы согушун “акылга сыйбаган” иш деп атады. 28-апрелде баш катчы Киевдин четиндеги шаарчаларды, анын ичинде Буча жана Бородянканы көрүп чыкты. Ал жерлерде апрелдин башында, орус аскерлери чегинденден кийин кыйноолордун белгилери бар көптөгөн кишинин сөөктөрү табылган.

"Мен ушул кыйраган, урандыларга айланган, таш-талканы чыккан үйлөрдө өз үй-бүлөмдү элестеттим, жакындары өлтүрүлгөндө паника болуп качып бараткан неберелеримди элестеттим".

Украинадагы ырайымсыз аракеттерден улам бир катар өлкөлөр, БУУ жана Эл аралык кылмыш соту согуш кылмыштарын аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүгө үндөшкөн.

Гутерриш Орусияны эл аралык сот менен кызматташууга чакырды жана согуш кылмыштары тууралуу сөз кылганда “согуш өзү чоң кылмыш экенин унуптоо керектигин” белгиледи. "Бул уруш 21-кылымдагы абсурд, согуш – бул шайтан, 21-кылымда согуштун жүрүшү кабыл алынгыс", - деп кошумчалады Гутерриш.

Баш катчы украин жетекчилиги менен жолукканы жатат. Ал Киевге 27-апрелдин кечинде, Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндөн кийин келди.

Ал арада Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарында салгылашуулар уланууда.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников өлкө чыгышында кыйроо, жоготуулар болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу министр шаршембиде АКШнын Германиядагы Рамштайн базасында 40 чакты өлкөнүн аскердик өкүлдөрү катышкан жыйында айтты.

"Коалиция Кремлди жоопко тартууну гана эмес, Орусиянын зулумдугун жеңүүнү, согушту цивилизациялык дүйнө тарабынан жеңүүсүн камсыздоону максат кылат", - деп жазды Резников Фейсбукка.

Орусия Батышка Украинага курал-жарак жөнөтпөөнү эскертүүдө жана тынч тургундарды бутага албаганын айтып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG