Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Орусиянын Евробиримдикке саткан газ, мунайдан түшкөн кирешеси эки эсе көбөйдү


Суюлтулган газ заводу. Сахалин.
Суюлтулган газ заводу. Сахалин.

Украинага басып киргенден бери Орусия Евробиримдикке саткан газ, мунай жана көмүрдөн түшкөн кирешени эки эсеге көбөйттү. Мындай маалыматты Финляндияда жайгашкан Энергияны жана таза абаны изилдеген борбор (CREA) таратты.

Согуш жүрүп жаткан эки айдын ичинде Москва шаркетке ал продукцияны 44 миллиард еврого саткан. Өткөн жылдын ушул мөөнөтү менен салыштырганда бул эки эсеге көп. Ошол эле маалда сатып алуулардын көлөмү азайган. Мисалы, мунайдын импорту 20 процентке төмөндөдү, бирок газдыкы өскөн.

Эң көп газды мурдагыдай эле Германия сатып алууда. 24-февралдан бери алар Орусиядан 9 миллиард еврого энергиянын булактарын импорттогон.

CREA Орусия Европанын энергетикалык көз карандылыгынан пайда табууну улантууда деген тыянакка келди. Баалардын өсүшү экспорттун азайышын компенсациялап жатат. Борбордун эксперттери жаңы санкциялар баалардын кымбатташына алып келерин, муну менен Брюсселдин аракеттери текке кетип жатканын белгилешет. Евробиримдик Путинге энергетика тармагын саясий кысым катары пайдаланууга, андан түшкөн акчаны согушту каржылоого жумшоого тоскоолдук түзүүнү көздөп келет.

Аналитик Лаура Милливиртанын айтымында, согушту токтотуу үчүн орусиялык энергетикалык отундан тез жана толук баш тартуу керек.

Еврошаркет Орусиянын көмүрүнө эмбарго киргизген, мунай менен газдан баш тартуу каралууда. Бирок Австрия, Венгрия жана Германия ага каршы болууда.

Орусия газынын 70%, мунай жана мунай продукциясынын 60% Европа биримдигине сатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG