Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Ош аэропортунда кармалып турган орусиялык учактын сертификаты текшерилүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош-Минеральные Воды (Орусиянын шаары, Ставропол аймагында) багыты боюнча 29-апрелде саат 16:00до уча турган учак аэропортто кармалып турат. Маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" тастыктады.

Анын айтымында, "Урал аба жолдоруна" таандык учак Орусиянын Минеральные Воды шаарынан Ошко бүгүн учуп келген, кайра жүргүнчүлөрү менен учуп кетиши керек эле. Бирок азыр каттам токтоп турат.

Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул каттамдагы учактын сертификаты жана каттоосу текшерилип, Орусия авиациясынан жоопту күтүп жатышканын кабарлады. Эгер документтери туура болсо, учууга уруксат берилет.

Орусиянын "Аэрофлот", "Победа" жана "Урал аба жолдору" авиакомпаниялары 8-марттан тартып Беларустан башка мамлекеттерге учууларын токтото турганын жарыялаган. Бирок кийинчерек аба каттамдарын кайра жандантып, Кыргызстанга учууларын уланткан болчу.

Орусия Украинадагы согушту 24-февралда баштагандан бери бир катар батыш өлкөлөрү Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жапкан.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG