Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Токаев казак тилинин макамын бекемдөөгө чакырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 16-март, 2022-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 16-март, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан эл ассамблеясынын кезектеги сессиясында өлкөдөгү тил маселеси тууралуу билдирүү жасады. Ал Казакстан көп тилдүү өлкө экенин, ошол эле учурда казак тили мамлекеттик макамга ээ экенин эске салды.

"Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек жана казак тилинин макамын бекемдөө үчүн чараларды көрүү зарыл. Бирок ошол эле учурда башка тилдерди, башка тилде сүйлөгөн жарандарды кодулабаш керек",-деди президент.

Токаев былтыр сентярбда жасаган кайрылуусунда дагы казак тилин өнүктөрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири бойдон каларын айткан. Ошол эле ал Нур-Султан "тил, улут маселесинде кимдир-бирөөнү бөлүп жарууга жол бербестигин" кошумчалаган.

2017-жылдын башында мурдагы президент Нурсултан Назарбаев латын арибине өткөрүү боюнча демилге көтөргөн. Бул жараян өлкөдө 2025-жылы толугу менен ишке ашууга тийиш.

XS
SM
MD
LG