Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Талиб лидери эл аралык коомчулукту өлкө бийлигин таанууга чакырды


Хайбатулла Ахундзада.
Хайбатулла Ахундзада.

Ооган талибдеринин жогорку руханий лидери Хайбатулла Ахундзада 29-апрелде, Орозо айтты утурлай жасаган кайрылуусунда эл аралык коомчулукту алардын бийлигин таанууга үндөдү.

Былтыр августта "Талибан" Кабулду басып алгандан бери алардын бийлигин бир да мамлекет расмий тааный элек. Кыймыл бул жолу шариятка ылайык, жумшагыраак саясат жүргүзөрүн, аялдардын, балдардын укуктарын сактаарын билдирген.

Анткен менен, талибдер бийликке келер замат он миңдеген аялды иштен алып, аларга эркек адамдын коштоосу жок саякаттоого тыюу салды. Мартта кыздар мектептеринин баарын жапты. Ахундзада эл аралык коомго кайрылып жатып, аял укуктарын сактоо чакырыктарынан карманууга үндөдү. Ал бул маселени Батыш "саясий инструментке" айлантып жатканын билдирди.

Ахундзада талибдер "Исламга ылайык күчтүү улуттук армия" жана "күчтүү чалгын уюмун" түзө алганын да белгилеген. Бирок жакында эле болгон жардыруулар тууралуу үн каткан эмес. Соңку жумаларда Ооганстандын негизинен шиит хазарлары отурукташкан аймактарында бир нече ирет жардыруу болгон. Алардын айрымдары үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG