Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Аксы: чек арада курман болгон жоокердин ысымы көчөгө ыйгарылды


Аксы районундагы Дейрес-Сай айылы.
Аксы районундагы Дейрес-Сай айылы.

Өткөн жылы апрелде Баткендеги чек ара чырында окко учкан маркум чек арачы Нурсултан Манасбек уулунун ысымы Аксы районундагы өзү туулуп-өскөн Дейрес-Сай айылындагы көчөгө ыйгарылды.

Бүгүн, 29-апрелде маркумду эскерүү иш-чарасы болуп, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты.

Нурсултан окуган мектепке чакан музей ачылып, анда маркумдун сүрөттөрү, колдонгон буюмдары коюлду.

Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы туулган. 2015-жылы жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп, ошол эле жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган.

Былтыр Баткендеги чек арадагы окуяда каза болгон дагы бир жоокер Эсентур Кубанычбековдун эстелиги кечээ, 28-апрелде Нарын шаарындагы Жамин Акималиев атындагы Жеңиш паркына орнотулду.

Эске салсак, былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык набыт болуп, 170тен ашык тургун жараат алган.

Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иши козголгон. (KS/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG